Канынан допинг табылды деп лицензиядан кол жууган Кенжеев кээ бир адамдардын шалаакылыган улам жапа чегип отурам дейт.

«Негизинен, WADAда биздин 4 дарыгерибиз иштейт. Алар мельдоний тыюу салынган дармектердин катарына киргенин бизге кабарлашы керек. Менин толук маалыматым жок болчу»,- дейт Кенжеев.

Күрөшчү акыркы жолу 2014-жылы дармекти кабыл алган экен. Анын айтымында, допинг чыккандан кийин 5 күндүн ичинде Проба-В деп кайталанма анализ берүүгө болот.

«Андан сырткары 20-күндүн ичинде кайрадан түшүндүрмө каты жиберилет. Анын негизинде бир чечим чыгарылат. Бизге күрөш федерациясы түшүндүрүп бербегенден кийин убакыт өтүп кетип, эми өзүм чуркап калган абалга келдим», — деп кошумчалады Кенжеев.

Мен актыгымды далилдей алам деген спортсмен президентке кайрылуу жасады.

Ал бул чуу аралашкан окуяны териштирүүгө жардам берүүсүн суранып, «кыргыздын туусун желбиртүүгө мүмкүнчүлүгүмдү жоготпойун» деди.

Кенжеевдин адвокаты федерация UWWга жиберген катта түшүндүрмө толук эмес экенин белгилеп, жада калса так күнү-айы жок болгондуктан, бул кат чын эле жеткенби же жокпу күмөн туудурат дейт.

Бөлүшүү