Экинчи дүйнөлүк согуштун уландысы болгон Советтер Союзу менен Орусиянын Улуу Ата-Мекендик согуш деп аталып келген адамзаттын тарыхындагы эң кандуу апаатта канча адам өлгөнүн ар кайсы маалымат булактары ар кандай жазып келишет. Алардын арасында кыргыздардын катышкан санын жана курман болгондордун санын карап көрөлү.

Тарыхый китептерде белгилүү болгондой жалпы Советтик Социалисттик Республикалардын Биримдигинде (ССРБ) 27 млн адам курман болгон. Алардын 8 млн аскер кызматчылары болсо, калгандары карапайым калк эле. Бул согушта Кыргызстандын орду да чоң. Советтик документтерге караганда элибизден 360 миңден ашуун адам согуш талаасына барышкан. 160 миңден ашуун кыргыз согушта мерт кеткен.

Ал эми Казакстандан 1 млн 300 миң адам согушка кеткен. Алардын 400 миңден ашууну кайтып келген эмес.

Бүгүнкү күндө жогорудагы статистикалык маалыматтар документтерде так турганына карабастан Орусиянын дээрлик көпчүлүк маалымат булактары башка элдердин санын кыскартуу менен берип келет. Анда славян элдеринин көп кырылгандыгын баса белгилөө менен Орто Азиялык, Ыраакы Чыгыштагы жана Кавказдагы элдердин согушка катышкан сандык катнашттары кескин кыскартылган. Мисалы: Кыргызстандык жоокерлердин жоготуулары 160 миңден ашуун деп белгилеп келгенибиз менен Орусия маалымат булактары 26 миң гана деп берип, Советтер Союзу боюнча болгону 3% түзгөн.

Согушта 10 миң кыргыз жоокер орден жана медалдар менен сыйланган. Алардын 77си Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон. 29 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алышкан. Ал эми орус сайттары согушта Советтер Союзунун баатырын кыргызстандык 12 гана адам алганын жазып чыккан. Бул кыскартуулар баардык славян эмес улуттарга кыскартуу менен берилген. Айрыкча Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө карата.

Коңшубуз Өзбекстандагы окуу материалдарында 1 млн 500 миңден ашуун адам согушка аттанып, алардын 400 миңден ашууну кайтпай калган. Өзбекстан бул сандарга да нааразы болуу менен өлгөндөрдү кайра эсептеп чыгуу сунушун койгон.

Тажикстандан да 100 миңге жакын адам курман болгон, бирок жогоруда аталган маалымат булактары баарын кыскартуу менен берип келет. Ал эми Тажикстандык бир маалымат булагы Кыргызстандан 5 миң гана адам өлгөн деп жарыялаган.

Баарына белгилүү болгондой, Кыргызстан согуш жылдары эң азаптуу күндөрдү башынан өткөргөн. Ар бир айылда саналуу гана эркек калып, курал кармаганга жарап калган эркек аттуунун баары согуш талаасына аттанган. Андан сырткары, согушка болгон муктаждыкты камсыздап, тыл жумуштарына 10 миңдеп адамдар кеткен.

Өздөрүнө болгон муктаждыктан биринчи согуш муктаждыгын камсыздоо үчүн үстүндөгү кийимин чечип, оозундагы тамагын жебей жиберип турушкан. Биз сыймыктанып жүргөн Панфилов командачылык кылган 316-аткычтар дивизиясы Маскөөнү фашистерден коргоодо жан аябай салгылашкан. Эң биринчи жолу ата-мекен үчүн дзотко төшүн тоскон Чолпонбай Түлөбердиев кыргыз болгон. Андан сырткары, Сталинград алдында, Кавказда, Украинаны бошотууда, Белорусияны жана Чыгыш Европа өлкөлөрүн бошотууда кыргыз аскерлери каармандык менен эрдик көрсөтүшкөн.

Бүгүнкү күндө согушта дайынсыз жоголгондордун саны 5 миңден ашат. Алар али күнгө чейин белгисиз. Ушундай көрүнүштөргө карабастан, Кыргызстандык согушта курман болгондордун саны кескин кыскартылып берилип келет.

Бөлүшүү