Өткөн жумада Түркияда аскерий төңкөрүш жасоого аракеттенгендердин көпчүлүгү камакка алынып, кызматынан айрылганы жалпыга маалым.

Бул окуяны ММКлар ар кыл маанайда чагылдырып, АКШ баштаган өлкөлөр Түркия бийлигинин аша чаап, демократия принциптерин тебелеп жатканын да кулак кагыш кылышууда.

Түркия бийлиги болсо ишке ашпай калган аскерий төңкөрүштүн артында белгилүү коомдук ишмер, “Хизметчи” Фетхуллах Гүлен турат деп, ага тиешелүү окуу жайлар, саламаттыкты сактоо, илимий мекемелери жана басма сөз кызматтарынан бери айыптоого өттү.

Ал эми Гүлен өз кезегинде айыптоолорду четке кагууда.

Мурун да бир айыпталып-акталган “хизметчи” 1999-жылдан бери АКШда жашап жүргөн. Ортодо президент Режеп Тайип Эрдоган менен чекише кетип, мамилелер сууган соң мындай араздашуулар экинчи жолу келип чыкканын белгилешүүдө.  

Түркиядагы окуялар убакыт өтүү менен суубастан, кайра күчөп жатканы белгилүү болууда. Анткени, Эрдоган гүленчи уюмдарды, анын ичинде башка өлкөлөрдө тамырын жайган окуу жайларды да жаптырыш керек деген өңүттөгү аракеттерди ишке ашырууга өттү.

Бул аракетти аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлуд Чавушоглунун Анкарадагы “демократия митингинде” сүйлөгөн сөзү айгинеледи.

Бир катар дүйнө элдери Түркияны колдоп жатканын билдирүүдө.

“Алгачкы кадамды Сомали мамлекети жасады. Бул уюмга байланышы барларды бир жума ичинде өлкөдөн чыгып кеткиле деп шарт койду. Түндүк Кипр да бул уюмду террордук уюм деп расмий жарыялады. Азербайжан жана башка өлкөлөр да буга ылайык кадамдарды жасап жатышат. КРге байланышып, тышкы иштер министрине “Гүленчилерге” болгон көз караштары өзгөрбөсө, биздин да мамилебиз өзгөрөөрүн айттым”, – деди министр.

Андан кийин Мевлуд Чавушоглу жергиликтүү телеканалдын түз эфиринде бир катар өлкөлөргө Гүленчилер жөнүндө эскертүү берип, анын ичинде Кыргызстанга да кайрылганын баса белгиледи.

Аталган уюмдар террордук маанайда болгондуктан, “хизметчилер” КРде да кабала жасап жибериши мүмкүн экенин тышкы иштер министрине эскерткенин айтты.

Кыргызстандагы «Себат» билим берүү мекемелери Фетхуллах Гүленге тиешелүү деп айтылат. 15тен ашуун түрк лицейлери, бир жогорку окуу жайы жана кайрымдуулук жаатындагы мекемелер катталган.

Ал эми мындай билдирүүлөр тууралуу укук коргоочу жана жарандык активист Качкын Булатов, Эрдоган өзүнүн мамлекетине авторитардык режимин орноткону аз келгенсип, эми Кыргызстанды да кир саясатка аралаштыргысы келип жатат деген оюн айткан.

“Алардын өлкөсүндөгү 10 миң киши ошол авторитардык режимге каршы чыкканы үчүн камалып жатат. Ошон үчүн аларды аскер күчү менен басып жатышат”, – дейт.

Анын айтымында, өлкө президенти Ататүрктүн конституциясынан тайып жеке бийлигин орното баштады.

“Америка да ага нааразы болууда. Түркия конституцияга кол салып, демократиянын жолунан тайып жатат. Гүленге тиешелүү делген түрк окуу жайларынын балким, биз билбеген жат жерлери бардыр. Бирок, ошол эле билимди алгандардан жакшы адистер чыгып, көп жетишкендиктерди багындырып жатышат. Ал эми биздин аларды куугунтуктаганбыз туура эмес. Бул бизге жакшылыкка алып келбейт. Бул жактагы түрк ишкерлеринин иши талкаланып, өзүбүз эле саясий жана экономикалык кризиске кириптер болобуз” – дейт Булатов.