24 жаштагы Муаммер Башактын жансыз денесин бир тууганы таап алган. Ал моюн орогуч менен муунтулуп өлтүрүлгөн.

Конья шаарында болгон окуяга шектүү делинип эки адам кармалган. Анын бирөө Башак менен чогуу жашаган кыргыз жараны 21 жаштагы Канзада Б. болуп чыкты.

Түрк басылмаларынын жазганына таянсак, алгач кыз күнөөсүн мойнуна алуудан баш тарткан. Андан соң аны сабап-токмоктой берген Муаммерди уктап жатканда муунтуп салганын, өлүктү жашырууга мүмкүнчүлүгү жетпей койгондуктан сасып кетпесин деп желдеткичти иштетип үйдөн чыгып кеткенин айткан.

Кыздын Хусейин Ш. аттуу таанышы болгон. Кыз ага чалып, өз жанымды кыям деген оюн айтканда, ал “өзүңдү эмес биринчи аны өлтүр” деп кеңеш берген. Ошондон кийин кыз Хусейинге чын эле өлтүрүп салганын айтып, ишенбей койгондо сүрөтүн жөнөткөн.

Көп өтпөй экөө тең медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын түрк басылмалары билдирет.

Бөлүшүү