Коопсуздук комитети оппозиционер Бекболот Талгарбековдун камакка алынганын тастыктады.

Мекеменин билдиришинче, “Элдик парламент” кыймылынын өкүлү шериктери менен бирге коомдук-саясий абалды туруксуздаштырып, бийликти күч менен басып алууну көздөп жаткан.

Мындан улам, Талгарбековго жана башка адамдарга карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилди.

Бекболот Талгарбеков — «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин өкүлү. Аз убакыттын ичинде азыркы бийликке каршы ар кандай жыйындарды өткөрүүдө.

Өткөн айда алар маалымат жыйын өткөрүшүп, 28-апрелде 28 миң адамдын катышуусунда курултай өтө турганын айтышкан. Алар президенттин отчётун талап кылышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү
"Элдик парламент" эртең президенттин отставкасын талап кылып митингге чыгат - SAAT
2016-05-16 16:42:23
[…] кетсек, бирикменин лидерин 12-майда УКМК бийликти күч менен басып алууну көздөп жатат деп […]
“Элдик парламенттин” митингине эки киши келди - SAAT
2016-05-17 10:59:41
[…] Кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков жана мүчөлөрү Төрөбай Колубаев менен Марат Султанов «бийликти күч менен басып алууга аракет кылды» деп шектелип, камакка алынган. […]
УКМК: "Элдик парламент" дагы бир мүчөсү кармалды - SAAT
2016-05-17 15:47:58
[…] салсак, 12-майда «Элдик парламенттин» лидерин жана эки мүчөсүн кармашкан. Алар бүгүн митинг уюштурушмак, бирок болбой […]