Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эски үйлөрдү жана имараттарды түрттүрүү Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан коомчулукка сунушталды.

“Бишкек шаарынын борбордук тарыхый бөлүгүн оңдоп-түзөө жана өнүктүрүү” деген аталыштагы мыйзам долбоорун “Ата мекен” фракциясынын депутаттары көтөрүп чыгышкан.

Белгиленген аймакка 1,5 гектарлык Сүйүмбаев, Линейный, Жибек жолу көчөлөрү  жана Жаш гвардия бульвары менен чектелген квадрат кирет.

Мэрияга караштуу шаар куруу жана долбоорлоо өнөрканасы бөлүмүнүн жетекчиси Жыргалбек Асаналиев шаар эскилиги жеткен 3320 дай үйлөрдөн тазаланышы керек деп билдирет.

“1930-жылдары самандан салынган үйлөрдүн абалы начар, эскилиги жетти. Арасында 1-2 кабаттуу, анча-мынча үч кабаттуу жана барак тибиндеги үйлөр бар” — дейт ал.