Бул жылы тестирлөөнү өткөрүүдө дээрлик өзгөрүүлөр болбойт. Тесттин мазмуну, түзүлүшү жылдагыдай кетет.

Жылдагыдан айырмаланып, металлодетектор аппараты алынып келди. Бул тест учурунда абитуриенттердин телефон же кандайдыр бир апараттардын жардамы менен пайдалануу, тест мазмундарын тартып алып интернетке жаюу же кийинки тест бере тургандарга сатууну алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жатат. 124 команданын ар бирине 2-3төн таратылып берилет.

Билимди баалоо жана окууту усулдары борборунун башкы адиси Мээрим Кадырова Saat.kgге айтып бергендей, ЖРТ 17-21-май күндөрү бүткүл республика боюнча 124 борбордо өткөрүлөт. Азыркы мезгилде тест өткөрүүчү адистер, админстраторлор атайын окуудан өтүшүп, даяр турушат.

ЖРТга катталуу 7-апрелге чейин аяктаган. Бирок кечигип калгандар үчүн 16 жана 19- май күнү кайсыл борбордо тест өткөрүлсө, ошол жерден каттого болот.  Кандайдыр бир себептерден улам, ЖРТны бербей калгандарга 20-июнь күнү тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет.

Бул жылы жалпысынан 48,5 миң абитуриент тест тапшырат. Бирок, кошумча каттоодо  сандар өзгөрүшү мүмкүн. Негизинен, өткөн жылга салыштырмалуу тестирлөөгө катышкандар азыраак.

Билим берүү министрлиги тарабынан 5 миң 505 гранттык орундар берилген. 2016-жылы министрликтин чечимине ылайык, өлкөбүздөгү баардык  жогорку окуу жайларга (бюджеттик, контракттык, күндүзгү, кечки, сырттан окуу)  тапшырууу үчүн ЖРТдан өтүшү керек. Ал эми эң жогорку балл алган 50 абитуриентке алтын сертификат берилип, алар өлкөнүн каалаган жогорку окуу жайына бюджеттик орунга тапшыра алат.

Эгер тест учурунда ЖРТнын эрежелерин кимдир бирөө бузса, тести жараксыз деп табылат. Алар бул жылы окууга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн айрылышат.

Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн жалпы республикалык тест өткөрүү аркылуу өтүү системасы 2002-жылдан бери жүргүзүлүп келет.

Бөлүшүү