Парламенттеги жума намаздын убактысын узартуу же узартпоо маселесин дал ушул ыйык айда саясатташтырып, радикал молдолор ого бетер күчөтүп жибергендей болду.

Мындай оюн КСДП фракциясынын депуаты Жанар Акаев фейсбуктагы бараксасына бөлүштү.

“Мен дагы орозо кармап жатам, ошондуктан тиги өзүн пайгамбарга теңеп алган Чубак ажы, Мотуев сотуевдерге теңелип отурбай, ушулардан өйдө эле болуп койсом болмок, анткени алар динди, өзгөчө исламды бетке кармап, ажылдап көнүп калган бир немелер эмеспи. Алар сөзсүз тиешелүү органдарга жооп бериши керек”, — дейт депутат.

Ошондой эле жума намазын окугандарга эч качан каршы эмес экенин билдирди.

“Намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы. Бирок эмгек кодексин өзгөртүп, бүтүндөй мамлекеттик органдардын, мектептердин, бала-бакча, оорукана, айтор бардык мекемелердин иш графигин жаңыдан иштеп, жума намаздын убактысын өзгөртүүгө азыр ошончолук эле чоң муктаждык барбы? Менин сунушум-муну кызматкер менен жетекчи өз ара түшүнүшүү аркылуу эле чечип келишет, азыркыдай, же жума намаздан кечиккени үчүн жарандарыбыз массалык куугунтукка алынып, жумуштан айдалып жатабы? Андайлар болсо мага келгиле, укугуңарды чогуу коргойлу. Кыргыз өкмөтү, профсоюздар уюму, УКМК, баары бул мыйзамга каршы корутунду берген”, — деди ал.

Түшүнүктөр менен эмес, биз мыйзам менен жашашыбыз керек экенин кошумчалады.

Чубак ажы жума күндөрү намазга кошумча бир саат тыныгуу бөлүп берүү демилгесине каршы чыккан депутат Жанар Акаев боюнча өз оюн айткан.

 

Бөлүшүү