Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Автор -
251

Эртеӊ, 26-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус болот.

26-июнда Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 14…16 градус, күндүзгү температурасы 25… 27 градус болот.