АКШ Сирия аймагына сокку урду (ВИДЕО)

Автор -
400

АКШнын президенти Дональд Трамп Сирия аймагына сокку уруу буйругуна 14-апрелде  кол койгон. Анын айтымында бул Дума шаарына жасалган химиялык чабуулга жооп иретинде жасалат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, сокку Дамаск шаарынын бир нече райондоруна жасалды. Алардын ичинде аскердик объекттер жана илимий лаборатория жайгашкан райондор бар.

«Трамптын айтымында, Орусия химиялык куралды колдонууну токтото албай жатканы ушундай жыйынтыкка алып келди. Сирияга болгон сокку — АКШнын, Улуу Британиянын жана Франциянын биргеликте жасаган операциясы»,- деп жазышат басылмалар.

Ал эми, Пентагон башчысы Джейм Мэттистин билдирүүсү боюнча Сирияга жасалган сокку бир гана жолу болгон азырынча экинчи чабуулду ишке ашыруу пландарында жок экенин бирок, жагдайга карап өзгөрүшүн айткан.