Аламүдүн районундагы Кайырма айылына жакын жерден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене кечээ, 10-майда саат 18:10 чамасында табылып, милиция маркумда киши колдуу болуп каза болгон белгилер бар экенин аныктаган.
Маркумдун аты-жөнүн тактаганда, ал 1986-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты.
Кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 30 жаштагы жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат