Арменияда премьер-министрди шайлоо 8-майга белгиленди

Автор -

Арменияда жаңы өкмөт башчыны шайлоо 8-майда болушу мүмкүн, бул күнү парламенттин атайын жыйыны өтөт. Бул тууралуу спикер Ара Балояндын билдирүүсү маалымат каражаттарына таратылды.

Анда өкмөт башчылыкка талапкер болчулардын аты-жөнү тууралуу маалымат камтылган эмес.

Бул арада парламенттеги Республикалык фракциянын лидери Вахрам Багдасарян 8-майдагы шайлоодо анын партиясы талапкер көрсөтпөй турганын билдирди. Алар мыйзам чыгаруучулардын кеминде үчтөн бири көрсөткөн талапкерди «ким болсо дагы» колдоорун кошумчалады.

Арменияда шаршембиге белгиленген парламенттин жыйыны каршылык акцияларына байланыштуу болгон жок. Маалыматтарга караганда, депутаттардын көбү имаратка кире алган эмес, оппозиция болсо жыйынга байкот жарыялаган.

1-майда парламентте оппозициянын лидери Пашиняндын талапкерлиги өкмөт башчылыкка каралып, өтпөй калды. Андан соң Пашинян элди массалык иш таштоого чакырган.

Ереванда жолдор, метронун жана өкмөттүк мекемелердин кире бериштери тосмолонуп турат. Жүздөгөн киши Армениянын баш калаасы менен эл аралык аэропортту туташтырган кара жолду бууду. Коопсуздук күчтөрү «Звартноц» аэропортуна тартылды. Пашинян өз жактоочуларын мыйзамды сактап, зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырган.

Бөлүшүү