Бүгүн «Реал Мадрид» — «Ювентус» менен «Бавария» — «Севилья» беттешет

Автор -
0
Сүрөт: uefa.com

11-апрелден 12-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын жооптук беттештери орун алат. Анда испаниялык «Реал Мадрид» өз талаасында италиялык «Ювентус» футболдук клубун тосуп алса, «Севилья» конокто «Бавария» командасы менен беттешет.

«Реал Мадрид» (Испания) — «Ювентус» (Италия)
Биринчи беттештин жыйынтыгы: 3:0

Стадион: Сантьяго Бернабеу (Мадрид шаары)

Калыс: Майкл Оливер (Англия)

Башталышы: 00:45 (Бишкек убактысы боюнча)

«Бавария» (Германия) — «Севилья» (Испания)
Биринчи беттештин жыйынтыгы: 2:1

Стадион: Альянц-Арена (Мюнхен шаары)

Калыс: Уильям Коллам (Шотландия)

Башталышы: 00:45 (Бишкек убактысы боюнча).

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү