БУУ кыз ала качууга жол бербеш үчүн тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды

Автор -
294

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымат каражаттарында чагылдырылган ала качууга дуушар болгон кызды өлтүрүү боюнча кылмышка байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

«Акыркы ачык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда турмушка чыгууда 24 жашка жете элек кыздардын 13,8 пайызы мажбурлоонун кайсы бир түрүнө дуушар болгон. Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюму бул мыйзамсыз иш-аракеттерди түп-тамыры менен жок кылууну өкмөт менен 2022-жылга чейин коюлган келишимдерге ылайык негизги багыттардын бири катары колдоого бекем турат», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандагы БУУ агенттиктери өлкөнүн тийиштүү органдарын бул сыяктуу көрүнүштөргө жол бербеш үчүн өлкө мыйзамдарына жана кол койгон эл аралык келишимдерге ылайык бардык тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, 27-майда 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында алып качкан 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө кызды бычактап, кийин өзүнө да кол салган.

 

Бөлүшүү