12-майда Португалияда өткөн «Eurovision -2018» ыр сынагынын финалдык таймашында Израил мамлекети жеӊүүчү аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Баш байге болгон «Хрусталь микрофонго» 25 жаштагы ырчы Нетта Барзилай ээ болду. Ал «Toy» («Оюнчук») деп аталган ыры менен катышкан.
«Сиздерге рахмат, мен абдан бактылуумун! Башкаларга окшобогон өзгөчөлүлүктү тандаганыӊарга ыраазымын. Мен өз мекенимди сүйөм»,-деп билдирген Нетта.
Алдыңкы беш орунга Израилден тышкары Кипр, Австрия, Германия жана Италия кирди.
Жеңүүчүлөр көрөрмандардын онлайн-добушу жана калыстардын баасы менен тандалды.
Белгилей кетсек, Орусиянын атынан катышып жаткан ырчы Юлия Самойлова финалга өтпөй калган.