Бишкек шаарында интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн 30 кыз үйлөрүнө коё берилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
«Интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн кыздар кармалганда райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Алар түшүнүк кат жазышкан соң үйлөрүнө коё берилди. Ал эми студиянын жетекчиси камакта», — деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, Бишкек шаарында интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн студиянын жетекчиси жана анда иштеген 30 кыз кармалган.