ӨКМ:Кардын кесепетинен чабандар 20 млн. сомдон ашык чыгым тартты

Автор -
243

23-24-май күндөрү Ысык-Көл облусунун аймактарындагы жайыттарга түшкөн кар менен катуу шамалдын кесепетинен өлгөн мал жандыктардын жалпы материалдык чыгымы эсептелди. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Материалдык чыгымды аныктоо боюнча Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылып, актысы түзүлгөн:

Ысык-Көл району боюнча:

— кой – 2941 баш (10 587 600 сом);

— уй – 87 баш (2 610 000 сом);

— жылкы – 111 баш (4 440 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 17 637 600 сомду түзгөн.

Ак-Суу району боюнча:

— кой – 139 баш (692 000 сом);

— уй – 4 баш (80 000 сом);

— жылкы – 7 баш (295 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 1 067 000 сомду түзгөн.

Түп району боюнча:

— кой – 59 баш (236 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 236 000 сомду түзгөн.

Тоң району боюнча:

— кой – 240 баш (1 042 013 сом)

— уй –7 баш (280 000 сом)

— жылкы – 1 баш (65 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 1 387 080 сомду түзгөн.

Ысык-Көл облусу боюнча:

— кой – 3379 баш (12 557 613 сом);

— уй –98 баш (2 970 000 сом);

— жылкы – 119 баш (4 800 000 сом).

Жалпы облус боюнча келтирилген материалдык чыгым болжол менен 20 327 680 сомду түзгөн.

Бөлүшүү