Кыргызстандык спортчу  дүйнөдөгү күчтүү дзюдочулардын рейтингинде экинчи болду

Автор -
293

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөдөгү күчтүү дзюдочулардын рейтингинде экинчи болду.

Жаңыланган рейтинг 9-апрелде Италияда өткөн Европа ачык Кубогунун жыйынтыгы менен чыгарылган. Анда Кыргызстандык спортчу жаштар арасында дзюдо боюнча күмүш медаль уткан.

Спортчу  81 кг чейинки салмактык категория боюнча спортчулардын рейтингинде 250 балл алган. Биринчи орунда Италиялык Кристиан Парлати турат.

Чондор арасындагы рейтингте Эрлан  Шеров 355 упай  топтоп, 91 биринчи орунда турат.

Бөлүшүү