Лейлекте май куюучу жайдан өрт чыкты. Кампанын ээси Шадиевдин апасы экени айтылууда

Автор -

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы май куюучу жайдан чыккан өрттүн себептери такталууда. Болжолдуу маалыматка караганда, кырсыктын келип чыгышына станциянын жанында жайгашкан кампадан чыккан өрт себеп болгон. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, адегенде кампадан өрт чыгып, кийин май куюучу станцияга жайылган.

Кампанын ээси качып кеткен депутат Аскарбек Шадиевдин апасы Айсана Шадиева экени айтылууда.

Өрттүн кесепетинен 4 киши жабыркады.

 

Бөлүшүү