Өлкөдө бир жума ичинде 23 114 айдоочу жол эрежесин бузду

Автор -
331

Өлкөдө бир жума аралыгында 23 114 айдоочуга жалпы суммасы 11 миллион 444 миң 141 сом айып салынды.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлагандай, Кыргызстан боюнча рейд 25-майдан 31-майга чейин жүргүзүлгөн. Ага күч түзүмдүн бардык кызматкерлери тартылган.

Бул убакыт аралыгында 23 114 айдоочуга айып салынды. Алардын ичинен негизги эреже бузгандар:

— Мас абалында унаа айдаган — 55 айдоочу;

— Жол белгилерин эске албаган — 4254 айдоочу;

— Унаанын алдыңкы жана капталындагы айнектерди караңгылаткан — 67 айдоочу;

— Катуу ылдамдыкта айдаган — 2906 айдоочу;

— Унаа жылып баратканда коопсуздук курун тагынбай койгон — 6029 айдоочу.

Рейддин жыйынтыгында атайын унаа токтотуучу жайга 756 унаа жеткирилген.

Бөлүшүү