Назгүл Токтакунованын клиби Орусияда эң мыкты 10 клиптин катарына кирди (Видео)

Автор -
232

Ырчы Назгүл Токтакунованын «Как в кино» аталышындагы ырынын клиби «ТНТ MUSIC»  музыкалык каналынын «Резидент ТНТ Music» сынагында 10 мыкты клиптин катарына кошулду. Бул тууралуу ал өз инстаграм баракчасына жазып чыкты.

«Достор, учурда сиздердин жардамыӊыздар керек. «ТНТ MUSIC» музыкалык каналынын «Резидент ТНТ Music» сынагына катышып жатам. Мени колдоп, мага добуш берип коюӊуздарды суранам. Ал үчүн «ТНТ MUSIC» тиркемесин жүктөп, Yella -Как в кино клибин тандоо керек»,-деп жазган ырчы.

Жеңүүчү элдин добуш берүүсү жана атайын эксперттердин чечими менен июнь айында аныкталат. Баш байгеге 1 миллион рубль коюлган.

Бөлүшүү