Сапар Исаков УКМКда 2 саат болуп чыкты

Автор -
216

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга эки саат сурак берип чыкты.

Исаков ага президенттин аппаратында иштеп жүргөн учурга байланыштуу суроолор берилгенин айтты.

«Президенттик аппаратта иштегениндеги убакыт боюнча кээ бир суроолор бар экен ошону такташты. Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Ал эми Айбек Калиев жөнүндө азыр комментарий бере албайм»,-деп билдирди Исаков.

Ошо менен бирге, эмнеге УКМКга чакырылганын коомчулукка жарыяладыӊыз деген суроого; «эл баарын билиш керек, эч кандай сыр болбош керек»,— деп жооп берди.

Бөлүшүү