Ысык-Көлдө 18 адам тамак-ашка ууланды. Алардын 7 чет элдик спортчулар

Автор -
0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Аврора» пансионатында чет элдик спортчулар тамак-ашка ууланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-май күнү саат 15:30дан 16:00 гө чейин 16 спортчу Ысык-Көл облустук санаториясына жаткырылган. Ал эми түндөсү дагы  эки спортчуну алып келишкен.

«Спортчулардын бирөө Бириккен Араб Эмираттары жана  алтоо Ирандан келген кикбоксчулар. Жалпы эсеп менен 18 спортчу ууланган. Ал эми тамак-аштарды Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти текшерүүгө алып кетишти. Азырынча так маалымат  аныктала элек», — деп билдиришти.

Учурда бул факты Ысык-Көл ОИИБинде катталып, тийиштүү чаралар көрүлүүдө.
 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү
«Аврора» пансионатында тамак-ашка уулангандардын саны 22ге жетти | SAAT
2018-05-10 12:40:48
[…] 8-майда «Аврора»  пансионатында 18 адам тамак-ашка ууланган. […]
«Аврора» пансионатынын жетекчилигине айып пул салынды | SAAT
2018-05-12 15:55:11
[…] Белгилей кетсек, 7-май күнү саат 15:30дан 16:00 гө чейин 16 спортчу Ысык-Көл облустук санаториясына жаткырылган. […]