ЖК комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту колдоду

Автор -
221

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту колдоду.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү сунуш кылган. Бул демилгени “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов колдоп, бардык процедуралар аткарылганын айткан.

Сунушту жыйынга катышкан 113 депутаттын 102си колдоду.

Бөлүшүү