3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. 25 спорт түрүнүн арасынан бүйүр кызыткан эң кызыктуу оюндар менен тааныштырууну улантабыз.

«Жирит» же «чавган» түрктөрдүн байыртадан келе жаткан улуттук ат оюндарына кирет. Аны түрктөр бир канча кылым мурда Борбордук Азиядан Анталияга алып кетишкен.

Осмон түрктөрү XVI кылымда эрежелеринин катуулугуна жана татаалдыгына карап жиритти аскерий оюндардын катарына да киргизишкен. Адам өмүрүнө кооптуу болгону үчүн аталган оюнга 1826-жылы тыюу салынган. Бирок, кийин кайра жанданып, азыр Түркиянын көп жерлеринде, өзгөчө айылдарда, майрамдарда жана үйлөнүү тойлорунда сөзсүз түрдө ойнотулат.

Жирит1
Сүрөт: www

Оюндун эрежеси боюнча, атайын даярдыгы бар эки тайпа болушу керек. Алардын саны ар бир тайпада 6, 8 же 12 киши болот. Тайпалар бири-биринен 70-120 м алыстыкта турушу керек. Ат үстүндөгү оюнчунун оң колунда бир найза, экинчисинде бир нече сандагы кошумча найзалар болот.

Эки тарапка тизилген тайпалаштардын бири экинчисин атын атап чакырат. Келе жатканда найзасын ага ыргытып, өзү артка качып жөнөйт. Чакырылган оюнчу найзасын эми аны көздөй ыргытат. Аны утурлай экинчи катардагы оюнчу чыгып найза ыргытып артка качат. Эми кайрадан биринчи катардагы оюнчу чыгат. Ошентип отуруп кээ бир оюнчулар каршылашына бир нече жолу найза ыргытканга жетишишет.

Сүрөт: www
Сүрөт: www

Оюнчулар көптөгөн жаракаттарды алышат. Көзү агып түшүп, найза башына катуу тийип, майып болуп калган учурлар көп кездешет. Кээде өлүм менен аяктайт. Жириттен каза болгондорду баатырларча курман болду деп, арыз-доомат артышпайт. Андай аталар менен балдары сыймыктанат. Бир кездеги тыюу салуу да ошондон улам келип чыккан.

Жирит3
Сүрөт: www

Өлүмдөр менен жаракаттар аз болсун деп диаметри 2-3 см, узундугу 70-100 см найзаны учун тоголок кылып эмен дарагынан, кийин теректен жасап калышкан.

Оюнчулар улуттук кийим кийишип, оюн музыканын коштоосунда өтөт.

Жиритти Иран, Ооганстан жана Борбор Азиядагы түрктөр да ойноп келишет.  Бул оюнду бир кезде европалыктар менен арабдар да ойношкон.

Эми жириттин этно оюн катары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келе жатышы чоң кызыгууну жаратып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытаары күтүлүүдө.