Соңку жылдары өлкөбүздө футболго кызыккандардын саны өсүп баратканын байкасак болот. Чемпиондор лигасынын матчтары бизде түнү көрсөтүлгөнү менен, кафе-барларда киши жыш. Чет өлкөлүк командалар келгенде стадионго өтүү оңой эмес. Мунун артынан футбол ойногондордун дагы саны артып баратат. Кичи футбол аянтчаларынын көбөйүп жатканы буга далил.

Футбол майдандары өзгөчө борбор калаабызда кулач жаюуда. Узундугу 42 метр, туурасы 25 метрден ашпаган аянтча спорт менен машыкпаган адамдарга да ыңгайлуу.

«Бул жерге ар кандай адамдар келишет. Көпчүлүгү 18ден 25 жашка чейинки жаш балдар. Бирок, 65 жаштагы атанын ар жума сайын келип, жаштарга үлгү болуп, ойноп кеткени мени таң калтырат», — дейт аянтчалардын биринин администратору Медер Баитов.

Сүрөт: saat.kg
Сүрөт: saat.kg

Бишкекте футбол аянтчасынын бир сааттык ижарасы 800дөн 2000 сомго чейин турат. Баасы жайгашкан жерине жана шарттарына жараша болот. Орто эсеп менен, 5 адамдан турган эки команда саатына 500 сомдон чыгарып ойнойт. Медердин айтымында, дем алыш күндөрүнө аянтчаны алдын ала алып коюшат.

«Чындыгында күн санап футболго кызыккандар көбөйүп жатат. Күнүнө бештен ашык оюн болот. Өзгөчө жекшемби жана ишемби күндөрү көп кайрылышат», — деп кошумчалай кетти ал.

Футбол ойноочулар менен катар талаа ээлеринин арасындагы атаандаштык дагы өсүп келет. Аянтча куруу чоң чыгым талап кылаары маалым. Жер тилкесин эсепке албаганда орточо майданга 60-70 миң доллар сарпталат. Ошого карабастан жаандан кийинки козу карындардай көбөйүп жатканы бул бизнес кирешелүү экенинен кабар берет.