Ооматы кеткен «Дордой» базарынын абалынын күн санап начарлап, дүкөн кыдырып шопинг кылгандардын саны өтө эле азайып кеткени соодагерлер менен жеке ишкерлердин ишине бүлүк салды көрүнөт. Соодагерлер калктын калың катмары анда-санда гана кийим-кече сатып алганы болбосо, адамдар дээрлик кийимге муктаж болбой калгандай туюлганын айтышат.
Борбор Азия базарларынын эң ириси болгон «Дордойдун» күнү тууп турган мезгилдерде миңдеген жарандар, анын ичинде шаар тургундары үй-бүлөсүн бакчу. Ырыскысын ушул жерден таап, оокатын кылчу. Казакстандан бери келип, базар ичиндеги тыгындан басып жүрүү да кыйынга турчу. Базардагы сооданын аз убакыттын ичинде 80-90% начарлап кеткени ишкерлердин абалын чакчалекейге салды көрүнөт.
«Дордойдун» негизги соода өнөктөштөрү болгон ЕАЭБга кирген өлкөлөр менен товар айлантуусу 7,7%га азайганын статистикалык комитет билдирет. Андан сырткары, Казакстандагы «Хоргос» ири соода түйүнүн ачылышы да «Дордойду» рынокто экинчи планга сүрүп жатканы байкалат.
Быйылкы жыл ата-мекендик тигүүчүлөр үчүн да оор болчудай. Алардын продукциясы экспорттолуп жана өзүбүздү да кийим-кече менен камсыз кылып, өлкө бюджетине чоң киреше алып келгени бышык. Тигүүчүлөрдүн ишине Кытайдан келген чийки материалдын бажы төлөмү кескин кымбаттаганы да кедергисин тийгизген. Андан сырткары, ага өзбек жеңил өнөр жайы да атаандаштык кылууда.
200 минден ашуун адам иш менен камсыз болуп турчу тикмечилердин абалы олку-солку. Бирде иш менен камсыз болсо, бирде маянасы кармалып, иш которуп, башка цехтерге өтүп кетишүүдө.
Калктын кайсы бир бөлүгү дүкөндөрдөн кийим кече сатып алууну ынгайлуу көрөт. Бир-эки жыл мурун доллар бүгүнкүдөй кымбаттай электе, «Дордой» менен дүкөндөрдөгү кийим–кечелердин баасы бирдей болуп, айырмасы аз болуп калган эле. Ал убакта базар кыдырууну каалабагандар дүкөндөрдү тандап калышкан. Ал эми азыркы учур башка болгондуктан, базардан да, дүкөндөрдөн да адам саны азайганын байкаса болот.
«Мурун дүкөндөрдү кыдырып Түркиядан, Индиядан импорттолгон кийимдердин сапатына карап тандап сатып алчубуз. Алар базардагы жергиликтүү тигүү цехтеринин жана Кытайдан келген кийим-кечелер менен салыштыра келгенде алда канча өйдө турат. Азыр өзүбүзгө кийим алганды унуттук, балдарды анда-санда кийинтип жатабыз. Мектеп жашында болгондуктан аларга кийим алып бербесек болбойт да. Көбүнчө базарга барабыз, сапатынан мурда баасын бычышканга шашабыз» — дейт шаар тургуну Айзада.
Таза жана жүрүүгө ыңгайлуу болгон соода борборлорун кыдырып шопинг жасоо көпчүлүккө жагат. Сатуучулардын тейлөөсү, кийинип-чечинүүгө болгон шарттар да көңүл жылытаарлык. Болгону капчыкта каражат болсо гана көксөгөндөрүңө жетчүдөй туюлат. Ири соода борборлорундагы дүкөндөрдө шаан-шөкөт менен коштолгон акциялар да утур-утуру болуп турат.
Учурга баам салып карасак, ар бир экинчи дүкөндө 50%, 70% жана 80% арзандууталар деген жарыяны көрүүгө болот. Бирок ошондо да алар көп учурда бош, мурункудай жык-жыйма эл көрүнбөйт. Анда-санда бала көтөргөн кыз-келиндерди, жөн гана сейилдеп жүргөн жаштар учурайт. Сатуучулар элдин басымдуу бөлүгү иштегендиктен, кечинде жумуштан кийин келет деп күтүшөт. Дем алыш күндөрү болгон ишеним да күч.
Замира айым ири соода борборлорунун биринде ижарага дүкөн алып иштетип келет. Анын дүкөнү 5 жыл мурун жаңы ачылганда абдан кирешелүү болгон. Улам солгундап отуруп, акыркы жарым жыл абдан начарлап кеткенин айтат. Ал тургай ижара акысын төгө албай, сатуучу кыздарынын айлык маянасын чыгарууга чамасы жетпей, азыркы учурда өзү отуруп иштөөдө.
«Эртеден кечке чейин кардар күтүү менен алекпиз. Ар бир кардарга өзгөчө мамиле кылганга аракет кылабыз. Бирок чөнтөгүндө акчасы жок адамдын бир буюмду жактырып канчалык көзү өтүп турса да, алганга чамасы жетпесе айла жок да. Арзандатып берүүбүзду суранышат. Алардын каалоосуна карап арзандатчу болсок, өзүбүзгө эч нерсе калбайт. Анан калса да бул жерде отуруп психолог да болуп калат экенсин. Кээ бир тажатма кардарлар бар. Эч нерсе албайт экенин киргенде эле билесиң. Ар бир кийимди кийим көрүп, ар кандай суроолорду берип ачууңа тиет», — дейт ал.
«Бишкек парк», «Вефа», «Бета Сторес 1, 2», «Дордой Плаза», «Рахат Палас» жана «Караван» соода борборлорунда ижара акысы шарттарына карап кымбат келет. Учурдагы абалга байланыштуу жеңилдиктерди, ыңгайлуу шарттарды түзүп бергенге аракет кылышат. Айрымдары мурун ижараны доллар менен берип келсе, каатчылыкты утурлай сомго өтүшкөн. Кээ бири долларды бир баага фиксация кылып берсе, «Караван» соода борбору ижарачыларынын көбүнөн кол үзгөндөн кийин ижара баасын 40-50% арзандаткан.