Буга чейин биз төрт тарабы төп келишкен, телегейи тегиз супер келинчекти издеп, жети дубанды кыдырып чыккан элек. Бирок балдар эле кыздарды издейт бекен? Эми билегинде каруусу бар, жетимиш өнөргө шыгы бар жигиттерге издөө салабыз.
Эл арасында тамаша иретинде ар кайсы дубандын жигиттеринин артыкчылыктары айтылып жүрөт. Маселен, Токтогул жергеси таланттардын жергеси дешсе, Таластан балбан же төкмөчүлөр көп чыгат эмеспи.
Нарындын жигиттери баардык ишке жөндөмдүү келет. Оор басырыктуу, бирөөнүн оюн уга билген, кыйынчылыкка сынып калбаган, адамдарды сыйлай билген эр-азаматтар. Бирок тоолук кыргыздардын символу болгон нарындыктар «мама-папалаганын» койбой калды көрүнөт.
Чүй, Бишкектин мырзалы күнөсканадагы бадыраңдай. Тыкан, келбеттүү болуу менен бирге ысык-суук көтөрүмдүү эмес. Саркеч кийинүү жашоо образына айланган.
Ашың калса калсын, ишиң калбасын деген сөз Жалал-Абаддын жигиттерине туура келет. Бул мырзалар мээнеткеч болуп, кармаган жеринен кан чыгарат. Дегенибиз, булар эмнени баштабасын жумушун мыкты деңгээлде аягына чыгарат.
Таластыктар колунда эч нерсеси жок турса да тоону томкоргондой сүйлөшөт. Кээде анысы аларга зыянын дагы тийгизет. Алардын артыкчылыгы — таланттарга бай келишет. Санап көрсөк, заманыбыздын төкмөлөрүнүн көпчүлүгү Талас жергесинен чыккан.
Оштук мырзалар аябай сыйчыл болушат. Сенек сөздөн сестенип, өзү теңдүүлөрдү деле сиз дей беришет. Тырышчаактыгынан бат эле бутуна турганы өзгөчөлөнтүп турат.
Баткен жактан жигиттер кара жумушка тың келишет. Бирди эки кылган, эртеңкинин камын көбүрөөк ойлогон мырзалар.
Көлдүктүн сөзү чептен бек. Убадасына туруктуу болуп, майда-барат нерселерге көңүл бурушпайт. Башкалар жылдап иштеп тапкан акчаны жайдын үч айында чогултат.
Ат жалында шамал менен жарышкан көчмөн кыргыздын жигиттери жердигине карабай, баары өнөрлүү, баары талантту. Керек жерде сүрдүү, шартка карап ийкемдүү. Бул Манастын урпактарына тиешелүү мүнөз!