Кайдан кыз алам дегендердин кулагына күмүш сырга. Биз бул макалада жети дубаныбыздын кайсы бөлугүндө мыкты келин жашаарын изилдеп көрдүк. Анда эмесе, баштадык.

Эгер сиз Жалал-Абаддан кыз алсаңыз, анда жыргайсыз. Жалал–Абаддык келиндер эң эле эмгекти сүйгөн аялзаты. 40 градус ысыкта тандырга нан жаап, апаңыздын кашы менен бир тегеренип турган келин сизге сөзсүз жагат. Жумуштун майын чыгара кылып, бала карап, анын ортосунда сизге акелеп кайрылып көңүлүңүздү алып турган бул келин мактоолорго гана татыктуу.

Көлдүк келиндер өмүрүнүн аягына чейин жугүнүп өтүшөт. Таң калдыңызбы? Өзү 40 жашта болсо да, 60 жаштагы кайын эжесине жүгүнүп турган келин кимге жакпасын? Туристик сезондун ачылышы менен мүмкүнчүлүктү колдон коё бербеген көлдүк келин эки айдан пайда көргөнгө жетишип, эс алабыз деп келген туугандарын да жайланыштырып, коноктогонго жетишип, кыштын камын көрө башташы керек. Бул ар бирөөнүн колунан келе бербечү нерсе.

Камырды туура жаюу — өзүнчө эле искусство. Дал ушул искусствону мыкты өздөштүргөн, сабырдуу, фантазиясы күчтүу таластык келиндерге сөз жок. Айта кетчү нерсе, Таласка келин болуп барсаңыз, дал ушул камыр менен сындаласыз. Күнүгө эле камырдан түрлөнтүп тамак жасоо оңой дейсиңерби? Андыктан таластык келиндерибиз да оңой эмес.

Баткен. Бул облустун келиндери кайын энесине сөз кайтармак турсун, тике карабаган жандар. Баткендин келиндеринин ыйманына тобоо дейсиң. Көз тийбесин, эң негизгиси. Кайын эне менен кайын атаны бул жакка коёлу. Баткендик келиндер кайын сиңдисине «сиз» деп кайрылат. Бул келиндер оокатты да мыкты кылып, тергеп да, сыйлап да коюуга жетишет.

Чүйдүн келиндерине өзгөчө сөз. Чүйдүн келиндери таң атпай туруп короо шыпырбайт, алар жумушка жөнөшөт. Чүйдүн келиндери тандырга нан жаппайт, алар нан жапкан наабайчыларды иштетет. Жолдошун да, баласын да багып кете алган чуйлүк келиндер кайда болбосун, өзүн да, үй-бүлөсүн да караганга жетишет.

Катыра аш басып, эшик алдынын тазалыгы боюнча алдыга эч кимди салбаган оштук келиндер. Таң атпай туруп, ата-апасына даарат алганга суу даярдап берген оштук келиндер. Айтор, мактай берсе сөз бүтпөйт. Оштук келиндер мыктылыкты колдон бербейт го.

Нарындын кызгалдак келиндери, эң эле кыргыздын чыдамкай кыздары. Түштүктө 40 градус ысыкта тандырга нан жапса, нарындын келиндери 40 градус суукта нан жасашат. Койду кайтарып да, союп да, жиликтеп да койчу нарындык келиндерге ким жетсин?

Мына окурман, кимиси тың деген суроого жооп издеп жатып, кыргыз келиндеринин колунан баары келет экен деп көзүбүз жетти. Жалпы кыргыз кыздарына мактоолор болсун.

Кайсы жерден алсаңыз да, мыктысына туш болосуз.