Кытай, Корея жана Жапонияда малдын плацентасынан жасалган косметика каражаттары жана дарылар Кыргызстанга али келе элек. Бирок интернеттеги маалыматтарга таянсак, бул каражаттарга суроо-талап чоң экенин көрөбүз. Себеби плацента баалуу компоненттерге жана витаминдерге өтө бай келет жана жаңы клеткаларды жаратууга жөндөмдүү.
Плацента – бул кадимки жаңы туулган баланын тону же малдын чөбү. Эне менен баланы байланыштырып, сыртынан каптап туруучу зат. Ал жашартуучу касиетке ээ. Малдын чөбүнөн жогорку сапаттагы бет майдын, маскалардын, шапмундардын, бальзамдардын түрлөрү, дары-дармектер, ветеринариялык биопрепараттар жана жер семирткичтер да жасалат. Мындай каражаттарды өндүрүү үчүн жапон ишкерлери кыргыз мал чарбачылыгына да кайрылып турушат. Кыргызстанда жылкынын плацентасы сегиз жылдан бери Жапонияга экспорттолуп келет.
«Агроэкспортсервис» компаниясы плацентаны экспорттоону 2008-жылы баштаган. Андан бери компания келишимдин негизинде Жапон компанияларына 30 тонна жылкынын чөбүн жиберген. Чогултуу иштери март айынан июнга чейин созулат. Өлкө боюнча малды эң көп өстүргөн Нарын облусунун Ат-Башы жана Кочкор райондорунун жашоочулары жылкынын чөбүн мал союлгандан соң ыргытып жибербестен, өткөрүп пайдасын көрүшөт. Айылдарда атайын фирма жана тургундар менен иштешкен кичи агенттер бар. Алар ортодон кабыл алып, фирмага өткөрүп берип турат.
Плацента кабыл алып иштеген Базаркүл айым алгач жапондор өздөрү келип, көрүп кетишкенин айтат. Ошондо атайын муздаткычын да ала келишкен экен. Аны орноштуруп, жылкынын чөбүн ала башташкан.
«Муздаткычка жөн эле салып койгонго да болбойт. Алгач аны жууп тазалап, кургатабыз. Фирма тарабынан атайын желим баштыкча берилет. Ошого жалпагынан ороп, -20 градуста тоңдуруп коёбуз. Чогултуп туруп алып кетишет. Плацентанын бир килограммы жүз сом турат», — дейт ал.
Жылкынын чөбүн өткөргөндөрдүн саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайды. Чөптү экспорттогон компания буга чейин Нарын облусунан алса, эми Ысык-Көл жана Чүйгө байкоо салып жатат.
«Чогулган плацентаны жапондорго экспорттойбуз. Кантип, кандай косметика каражаттары жасалып жатканы бизге белгисиз. Бизге айтышпайт деле», — деп бөлүштү «Агроэкспортсервис» компаниясынын башкы директору Данил Асанов.
Негизи, жылкынын, койдун, уйдун жана чочконун чөбү иштетилет. Өзгөчө жылкыныкы аллергия пайда кылбаганы үчүн баалуу болуп эсептелет. Пайдалуу болгону үчүн малдар аны тууп бүтөрү менен өздөрү жеп алган үчурлар болот. Мал доктурлардын айтымында уйдун өзүнүн чөбүн жеп алуусу сүт берүүсүн азайтат. Ошондуктан уй баккан фермерлер кайтарып, жедирбегенге аракет кылышат.
Байыркы мезгилдерде эле адамдар тондун канчалык денгээлде пайдалуу экенин билип, Кытай, Индия, Грекия жана Египетте кеңири колдонушкан. Белгилүү орус офтальмологу В.П. Филатов плацентанын курамын изилдеп чыгып, 1934-жылы баланын тоңдурулган плацентасын биринчи жолу иш тажрыйбасына колдонуп көргөн. Ал анын жарааттар жана күйүк үчүн табылгыс дары экенине ынанган.
1950-60-жылдары жапон окумуштуулары плацентаны 80 ооруга дабаа экенин изилдеп чыгышкан. Баланын тону азыркы мезгилде кээ бир тыюу салынбаган өлкөлөрдө колдонулат. Окумуштуулар адам плацентасынын опурталдуу экенин айтып чыгышкандан кийин гана ал колдонуудан дээрлик сүрүлүп чыкты. Анда билинбегени менен ВИЧ сыяктуу түрлүү жугуштуу инфекциялар бар болгондуктан улам колдонуудан калган.
Көп өлкөлөрдө моралдык-этикалык жактан туура эмес деп эсептелгендиктен жана мыйзам жол бербегендиктен баланын тонун колдонууга тыюу салынган. Алардын арасында Кыргызстан да мындай ишмердүүлүктөн алыс.