Облустун фермерлери жер-жемиштерди күнөсканада өстүрүүгө өтүп жатканы байкалууда. 2014-жылы Жалал-Абадда болгону 95 күнөскана бар болсо, 2015-жылы 393кө чейин көбөйгөн. Алардын эң чоңу 8 гектар жерде жайгашкан.

Жалал-Абад облусунун жетекчиси Жумагүл Эгембердиеванын айтымында, күнөскана мол түшүм берип, чоң киреше алып келет. Андыктан, миллионер дыйкандардын көбөйгөнү болоор иш. Маселен, Ноокен районунда иштеген дыйкан жылына 5 млн сом пайда көрөөрүн белгиледи.

«Бул жылы биз Кытайдай келген делегация менен бирге тамчылатып суугаруу боюнча семинар өткөргөнү жатабыз», — деп пландары менен бөлүшө кетти ал.

Бөлүшүү