2002-жылы Хурсанбек Байбабаев бош жаткан жерди сатып алып, 6 гектарга киляс олтургузган.

Арадан 14 жыл өтүп, бул көчөттөр Байбува дыйкан чарбасына айланды. Бүгүнкү күндө чарбаны 7 бир тууган иштетет.

«Балдарым, бир туугандарым менен иштетебиз,  мындан тышкары 8 жумушчу бар. Жылына эски көчөттөрдү жаңылап, кышында кыйып турабыз. Менин атестат, дипломум да жок, 6 классты эле бүткөнмүн. 32 жылдан бери  дыйканчылык менен алектенем.  Бул жактан тышкары 1 гектар жерге картошка эккенмин», — дейт Хурсанбек Байбабаев.

Дыйкан кокон киляс менен бирге аары да кармайт. Бүгүнкү күндө 130 бал челеги бар. Аарылар кокон килястын гүлүнө конуп, бал берет. Аны Байбабаев райондун ичинде 150 сомдон сатат.

Сүрөт: saat.kg
Сүрөт: saat.kg

Кокон киляс июндун башында бышып, Орусияга, Кытайга жана Казакстанга экспорттолот. 6 гектар бактан ал жылына 45, 50 тоннага чейин түшүм алаарынан айтат. Дыйкан кошумчалап кеткендей, кокон килясы 25 жылда карыйт.

Бөлүшүү