Доллардын курсу 69,99 сомго чейин түшкөнүнө байланыштуу 1 м3 табигый газдын тарифи 15,83 сомго чейин арзандады. Өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн салыктарды эске алганда газдын 1 куб метри 19,25 сомду түздү.
Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамагенттигинин буйруктарына ылайык, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы АКШ долларынын расмий курсуна жараша ай сайын тарифтерди өзгөртүп турат деп маалымдайт компаниянын басма сөз кызматы.