«Торугарт унаа жолу» жана «Иркештам унаа жолу» өткөрүү пункттары 2-4-апрель күндөрү жабык болот. Жеке адамдар, транспорттук каражаттар жана жүктөр 5-апрелден тарта өткөрүлө баштайт.

Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдагандай, бул Кытайда «өтүп кеткендерди эскерүү күнүн» белгилеп жатышкандыгына байланыштуу. Чек араны жабуу кытай тараптын демилгеси болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү