Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары электр энергиясына болгон карызын төлөй баштады. Бул тууралуу Saat.kgге «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмесинин өкүлү Замирбек Көчөрбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган бирикме электр энергияга болгон карызы көп пансионаттарга кайрылуу жасаган.

«Ошондой эле биз «Чыгыш Электр» ишканасына да кайрылганбыз. Эс алуу жайлары электр энергияга болгон карыздарын төлөбөсө, тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экенибизди билдиргенбиз. Кечээ «Чыгыш Электр» эс алуу жайлар карыздарын төлөй баштаганын айтып, рейдге чыгуунун зарылчылдыгы жок экенин билдиришти», — дейт бирикменин мүчөсү.

Көчөрбаевдин айтымында, буга карабастан, «чоролор» 5-апрелде Ысык-Көлгө барып, пансионаттар карызын төлөй баштаганын текшере турган болушту.

Коомго бул уюм «Кырк Чоро» деген аталыш менен таанылып калган. Бирок, расмий түрдө бирикме «Кыргыз Чоролору» деп аталганын айтышат.