Жеңилдетилген ипотека бюджеттик кызматкерлерге берилет деп айтылаар замат турак жайлуу болобуз деп сүйүнгөндөр көбөйдү. Бирок кызматкерлер азыркы учурда бул ипотекадан баш тартышканын айтышууда

29-февралда медицина кызматкерлери ипотеканын талаптарына нааразылыгын билдирип, өкмөткө кат жазып жиберишкен. Ал эми мугалимдер болсо, жеңилдетилген ипотекадан биротоло баш тартып жаткандыгы маалым болду.

№69 мектеп-гимназиясынын окутуучусу Назгүл Жумагулова ипотека берилээрин угуп, сүйүнгөнүн айтат. Бирок, үйдүн баасынын 10 же 20 пайызын төлөөгө чамасы жетпейт дейт. «Биздин айлык менен ипотеканы төлөө үчүн кайрадан кредит алуу айласы эле калат», — деп нааразы.

Ушундай эле ой менен №30 мектептеги кесиптештери бөлүштү.

«Биздин айлык акы өзү 7 миңдин эле тегерегин түзөт. Анан турмуш тиричилигие эптеп жетип атса, кантип ипотекага ай сайын 13-14 миң таап төлөйбүз», — дейт мектептин окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Софья Заляева.

«Макул,жалпы баадан 10 пайызды берсек дагы, 14 пайыздык үстөктү кантип төлөйбүз? Ал эле эмес, банктан акча алсаң үстөк пайыз арзаныраак», — деп кошумчалады мектептин мугалими Асель Умаралиева.