Валюталар курсу эркин болгондуктан калк насыя алып, төлөй албай калууда. Мындан улам валюталык башкаруу системасына өтүү керек. Ушундай талап менен Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылы жыйын өткөрдү.

Экономист Кубан Чороев акча системасы элдин кызыкчылыгына иштебей, тескерисинче, карызга батырып жатканын айтат.

«Элдин насыя алып төлөй албай калганына эч кимди күнөөлөгөн жокпуз. Буга туура эмес финансылык система күнөөлүү. Мисалы, бизде пайыздардын ченеми 35-40 болуп жатат. Валюталык башкаруу системасына өтсөк, пайыздар кескин түрдө төмөндөйт. 7-8 %дан ашпай калат», — дейт ал.

Буга чейин аталган кыймыл жыйын өткөрүп, резолюция кабыл алган. Алардын айтымында, бийликтерден эч кандай жооп болгон эмес.

«Улуттук банк, Жогорку Кеңеш биздин сунушубузду аткаргысы келбей жатканына көзүбүз жетти. Президентке үмүт артып жатабыз. Бир чоң саясий чечим кабыл алат деп келдик», — деди Чороев.

Сүрөт: www
Сүрөт: www

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов валюталык башкаруу системасына өтүүгө болбой турганын түшүндүрдү.

«Валюталык башкаруу системасынын мааниси – курсту фиксация кылуу. Фиксация кылганда биздин валюталык резерв тез аранын ичинде түгөнөт.  Кудай сактасын, согуш же жаман нерселер болуп кетсе, валюталык резерв 3 айга жетиш керек», — КРУБ башчысы.

Жыйындын катышуучулары колдоруна «Биз валюталык башкаруу системасын киргизүүнү талап кылабыз» өңдүү жазууларды көтөрүп чыгышкан.

Бөлүшүү