Мындан 2 жыл мурун мамлекеттик расмий сатып алуулардын порталы ишке киргизилген. Бул убакытта zakupki.gov.kg дарегинде жайгашкан сайт кандай иштеп жатканына мониторинг жүргүзүлдү.

Порталдын негиздөөчүсу Мирбек Эргешбаевдин айтымында, электрондук сатып алуулардын эң негизги  артыкчылыгы коррупцияга бөгөт коюлушунда. Операциялар электрондук түрдө жүргүзүлүп, портал аркылуу баардык маалыматтар ачык айкын көрсөтүлүп турат.

«Жыйынтык жакшы, каттоодон өткөн сатып алуучу органдардын саны 2176ны түзсө, алардын 2042си активдүү иш алып баргандар. Дагы бир баса белгилеп айта кетчү нерсе, бул порталда сатып алуулар жалаң гана мамлекеттик мекемелер ортосунда жүргүзүлбөй, жеке менчик иш каналар да өз ишин жүзөгө ашыра алат», — деп айтып берди ал.

Буга чейин сатып алуулардын көбү көмүскөдө калып, тиешелүү гана адамдар билип келсе, порталда баарына ачык көрүнүп турат.

«Көмүскө болгон жерде өзүңөр билгендей коррупция да болот эмеспи. Бул сатып алуу порталы өтө чоң иш болду, себеби төмөндөгү көрүнүштөргө аз да болсо бөгөт коё алдык. Бирок портал иштеп жатса да, мыйзам бузуулар болуп жатат. Алсак, сатып алуу иштеринин 30-40% гана портал аркылуу иш алып барышса, калгандары эски система менен иш алып барып жатышат», — дейт «Экономикалык өнүктүрүүгө жана билим берүүгө көмөктөшүү» фондунун директору Данияр Муканбетов.

Портал ачылган күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин 89 млрд сомдук буйрутмалар катталган. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев журналисттерге кабарлагандай, сайтта 9 миң 53 кызмат көрсөтүүчү ишкана катталган.