Ажылык сапарына баруучуларды каттоо иши 11-апрелден 11-майга чейин жүргүзүлөт. Ал Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын облустук, шаардык казыяттарында жана райондук хатибияттарында жүргүзүлөт.

Saat.kgге муфтияттан кабарлашкандай, каттоо өнөкөтү өлкөнүн баардык аймактарында өткөрүлүп, 34 каттоо пункту ишке кирмекчи. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Бишкек жана Ош шаарларында каттоо иши казыяттарда гана жүргүзүлөт. Ал эми Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында ажыларды каттоо казыяттарда жана райондордо өтүп, 29 каттоо пункту иштейт.

Буга чейин ажылыкка барып келгендерге кайрадан барууга мүмкүнчүлүк берилбейт.

«Быйыл жылдагыдай эле Сауд Арабиясы тарабынан 3865 орун берилет. Быйылкы өзгөчөлүк катары биз тамак-аш жакшыргандыгын айта алабыз. Расмий түрдө ажылыкка баруунун баасы бекитиле элек», — деп билдирди муфтияттын маалымат катчысы Максат Отобаев.

Айта кетчү нерсе, быйыл да ажылыкка баруучулардан муфтиятка 90 доллар төлөнүп берилет.

Бөлүшүү