Бишкектеги Эркиндик №34 көп кабаттуу үйүнүн жер төлөөсүн Бишкек шаардык статистика комитетинин башчысы Сейитбеков мыйзамсыз менчиктештирип алган. Бул тууралуу басма сөз жыйынында үйдүн жашоочусу Алла Семенченко билдирди.

Анын айтымында, Сейитбеков башында өзү сатып алып, андан кийин аялына жаздырып койгон.

Бул иш боюнча 28-мартта Бишкек шаардык сотто С. Сейитбеков утуп алган. Бирок жашоочулар соттун чечимине макул эмес экенин айтышып, ишти кайрадан карап чыгуу үчүн аппеляцияга беришкен.

«Биздин укук» коомдук фондунун өкүлү, укук коргоочу Калича Умуралиеванын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төөлөсү жашоочуларга керектелиши керек.

«Азыркы учурда соттор туура эмес чечимдерди чыгарышууда. Менчиктештирип алгандар жер төөлөдө азырынча эч нерсе иштетип жаткан жок. Себеби соттон утулуп калса жөн гана чыгаша чыгып калат дешүүдө. Башкы прокурор Индира Жолдубаевага коррупциялык схемаларды жоюп берүүсү үчүн кайрылат элек», -дейт Умуралиева.

Ошондой эле укук коргоочу жаңы мэрдин келиши үмүт арттыра турганын айтты. Катышуучулар Бишкек шаарынын мэри мындай маселелерди карап чыгышын суранышты.