Евразиялык экономикалык биримдиктеги (ЕАЭБ) мамлекеттердин арасында продукцияларды экспорттодо өзүнүн санитардык, ветеринардык, фитосанитардык талаптары бар. Алар толук аткарылган күндө гана мал чарба продукцияларын экспорттоого мүмкүн. Былтыркы жылы дыйкан, фермерлер өндүргөн продукциясын экспорттой албай бир топ чыгымга учураган.
Эт сатылбай…
Алай районунун Корул айылынын тургуну Арапбай Табалдиев беш жылдан бери ферма менен алектенип, бука, кой багып келет. Эки фермада толгон букаларды 6, 7 ай кармап багат.
«Азыр бизде буларды кайда өткөрөбүз деген суроо түйшөлтүп турат. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин деле этти өткөрүп бере турган жерлер жок болуп жатат. Жакында болот дейт, ошол үчүн баарын кармап турабыз», — деп айтып берди ал.
Фермер эттин баасы түшүп кеткени түйшүк жаратканын айтат. Лабораториялар курулганда көйгөйдөн чыгат элек деп күтүп отурат. Малын ай сайын дарылап турат. Мамлекет этти өткөргөнгө шарт түзүп берсе, фермасын кеңейтүүнү көздөйт.
Картөшкө өтпөй…
Картөшкө былтыр айыл жеринде 5 сомдон сатылды, сыртка экспорттолгон жок. ЕАЭБге кирип, Казакстан, Орусияга сатабыз деген дыйкандар салган акчасын актай албай калышты.
«Аларда деле 7-8 сомдон экен. Андыктан бул жактан 5 сомдон алып, ал жакка жибериштин кажети жок болду», — дейт айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агрардык маркетинг саясаты башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков.
Адистин айтымында, быйыл деле жашылчанын кымбатташы күмөн. «Картөшкөнү азайтып, ордуна беде айдашса жакшы болмок. Дыйкандар көбүнчө айтылганды эмес, өзү билгенди эккендиктен сата албай кыйналып жатышат», — деп кошумчалады ал.
Буудай аянты кыскарды
2014-жылы 89 миң тоона төө бурчактын 23 миңи экспорттолгон. Былтыр 90 миң тонна өстүрүлүп, 39 миңи четке сатылды. Былтыркы жылы буудай 300 миң гектар жерге айдалса, быйыл аны 9 миң гектарга азайтуу пландалды. Казакстан менен Орусиянын дан азыктары биздикине салыштырмалуу сапаттуу. Аларга сата албайбыз, тескерисинче, Кыргызстанга келет.
Сатып алуучуга сапат керек
Жумабек Асылбековдун айтымында, 2007-жылы этти Орусияга экспорттоого чектөө коюлган. Учурда эл аралык стандартка туура келген Бишкек менен Ошто 2 лаборатория аккредитациядан өттү. Бүгүнкү күндө алар 18 ишканага сертификат берди: 12си — сүт чыгарган, бирөөсү эт, экөөсү мал, үчөө балык өндүргөн ишканалар.
Жемиштердин курамында минералдык заттар чегинен көп болбосо, каротиндик оорулары жок, коопсуз болсо, жашылча-жемиштерди экспорттоодо быйыл тоскоолдуктар болбойт.
Эт менен сүттү чыгарууда бир топ кыйынчылыктар жаралат. Мындан 10 жыл мурун Орусия Кыргызстанда ветеринардык көзөмөлгө бөлүнгөн каражат аз деп кеткен. 2015-жылга чейин 30-40 млн сомду түзүп келди. 2016-жылдан баштап 130 млн сомго чейин көбөйдү.
«Бул сумма дары-дармекке жетпейт. Аба аркылуу жугуучу оорулардын вакцинасын фермерлерге сатып бериш керек. Айылда көбүнчө акча жок, андай дарыларды сайышпайт. Сүт менен этти экспортоодогу негизги көйгөйдүн тамыры ушул жакта жатат», — деп билдирди ветеринардык жана айыл чарба продукциясы боюнча көз карандысыз эксперт Самат Алиев.
Адис кошумчалагандай, малды оорулардан сактап, жакшы караганда гана этин сатууга ыңгайлуу болот. Быйыл Орусияда өндүрүш бир топ өсүшү боможолдонууда. Кыргыз дыйкандары экспорттой турган продукцияларды өндүрсө, ЕАЭБ менен чектелбей, Иран, Ирак сыяктуу мамлекеттерге саткандын жолун издөө керек деген ойдо.
Дыйкандар жашылча-жемиштерин сыртка кантип экспорттой алат?
1. Дыйкан өзү жашаган аймактагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кайсы жашылча-жемишин сата тургандыгын көрсөткөн билдирме жазат
2. Ошол билдирменин негизинде инспектор айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жер-жемишти оорусу, зыянкеч курт-кумурска жокпу текшерүү үчүн жөнөтөт. Продукция 3 күндүн ичинде текшерилет, эгер таза чыкса фитосанитардык сертификат берилет. Бул кызмат бекер жүргүзүлөт.
3. Кайсы мамлекетке алып барбасын, ал жерден дагы жергиликтүү текшерүүдөн өткөрүлөт. Эгер зыяндуу организм табылса сатууга тыюу салынып, жок кылынат.