Дүйнөдөгү эң кубаттуу деп эсептелген 126 өлкөнүн армияларына баа берилип, анда Кыргызстан 110-катарда тургандыгын Global Fire Power порталы жарыялап чыкты. Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Өзбекстан 48, Казакстан 53, Түркмөнстан 86, Тажикстан 112-орунду ээлеген.

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 13-катарда турат. Өткөн жылкы анализ боюнча өлкөбүз 78-катарда, ал эми Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан 54, Казакстан 66, Тажикстан 81, ал эми Түркмөнстан 90-орунга ээ болгон.

Уюмдун эсеби боюнча кыргыз армиясында 150 танк, 438 бронетранспортер, 30 өзү жүрүүчү техника, 159 оор техника, 6 аскерий учак, 4 транспорттук учак болуп, бир жылдык аскердик бюджет 240 млн долларды түзгөн.

Рейтинг түзүүдө армиянын саны, кургактагы, суудагы, абадагы аскердик техникалардын саны, баш-аягы 50 фактор эске алынган. Ошондой эле, өлкөлөрдүн армияга короткон экономикалык ресурсун, тышкы карызын жана географиялык абалы да каралган.

Кыргыз куралдуу күчтөрүндө өткөн жылга салыштырмалуу эч кандай өзгөрүү болгон эмес. 78-орундан 110-орунга түшүп кеткендиги жаңы жабдуулардын, аскердик техникалардын жоктугу менен түшүндүрүлөт. Согуш оту бүтпөгөн Ооганстан, Ирак, Сирия жана Африканын өлкөлөрү Кыргызстандын алдында. Алдыңкы беш сапта АКШ, Орусия, Кытай, Индия жана Франция турат.