Айыл чарба ишкерлерине жардам катары атайын колдонмо иштелип чыкты. Аны бардык региондордогу Android системасындагы смартфон колдонгон дыйкандар жана фермерлер колдоно алышат.
«Charba» колдонмосунан чарбакерлер жарнак катары өндүргөн продукцияларын жана мал-жандыгын чыгарып тура алат. Анда башкалардын жарыяларын да көрө алышат. Мындан тышкары, алып-сатарлар да кабардар болуп, керек учурда келип, дүңүнөн алып кетип турушат.
«Анын негизинде продукцияны экспорттоо да оңой ишке ашат. Бул колдонмо айыл чарба ишмерлеринин түйшүгүн бир аз да болсо жеңилдетет болуш керек», — деген оюн билдирет уюштуруучулардын бири Сатар Турсункул уулу.
Колдонмо уюлдук телефонго «Play Market» программасы аркылуу бекер көчүрүлөт. Ичине «айыл чарба», «өндүрүш», «сервис» жана «ар кыл» деген бөлүмдөр жайгаштырылган.