Граффити. Аниме. Пирсинг. Бул сөздөр бир нече жыл мурун эле кулакка өөн угулчу. Бүгүн дубалды кооздогон райтерлер, киндигине шакек тагып алган фриктер көнүмүш болуп баратат. Бир миллион калк жашаган Бишкекте далай субкультуралар бар болгону менен көңүл бура бербейиз. Мындан улам, көп кырдуу борборубуздун жаштары эмнеге кызыгаарына байкоо салып көрдүк.
Фриктер – жүрөктүн үшүн алган жүрүм-туруму, сырткы келбети менен таң калтырып келет.
Денесинин көп бөлүгүндө татуировка тарттырган Татьяна «бул жөн гана кооздук эле эмес, менин көз карашымды чагылдырган, менин оюмду берген нерсе» дейт.
«Баары сага татуировканын эмне кереги бар? Каарыганда денеңдеги сүрөттөр жаман көрүнөт деп айта беришет. Менин айтаарым, каарысам, денем өзү жаман көрүнүп калат. Андыктан, эмне үчүн пирсинг коюу мага жагып атса, мен денемди тешпешим керек? Эмне үчүн денемди кооздоо мага жакса, кооздобошум керек», — дейт Татьяна.
Бизге өзүн Винс деп тааныштырган мырза «Жашоо бир келет, жөнөкөй кызыксыз жашоо менен жашагым келбейт», — дейт.
«Мен жөн гана абдан позитивдүү адаммын, бир орунда токтогум келбейт. Адамдар да мени карап, коркпостон, жашоодон болушунча ырахат алса дейт элем», — деген ою менен бөлүштү ал.
Винс — адамдарды илгичтерге асуу боюнча Hell dolls (тозоктун куурчактары) фрик театрынын негиздөөчүсү. Бул жай 2006-жылдан бери иштейт.
Геймерлер — күн-түн дебей, виртуалдуу дүйнөдөн чыкпай ойногон балдар. Көбүнесе мектеп курагындагы өспүрүмдөр.
«Виртуалдуу дүйнө кызыктуурак, ошол эле DOTA, WARCRAFT оюндары менин оюмча ойлонуу процесстерин өнүктүрөт. Атүгүл, ойлонуп, пландап, тактика менен иштегенди үйрөнөсүң»,- деген 14 жаштагы Иван токтобостон 16-17 саат ойной алаарын айтып өттү.
«Негизи, азыр интернет оюндарына кызыккандар өтө көп. Досторумдун арасында сүйлөшкөн темабыз эле ушул», — деген оюнчу компьютер клубуна жөнөдү.
Кытайда эки-үч күн тынбай компьютер ойноп, отурган жеринен көз жумган факттар катталган. Кыргызстанда андай учурлар жок болгону менен компьютердик клубдардын туруктуу «тургундарын» кездештирүүгө болот.
Райтерлер – бозоргон көчөлөрдүн зериктирген дубалдарын кызыл-тазыл сүрөттөргө боёгон чыгармачыл адамдар. Граффити мектебин уюштуруп, жаштарды үйрөтүп, өзү да укмуштуудай сүрөттөрдү тарткан Виктор Цой граффити жаштар арасында популярдуу боло баштаганын айтат.
«Мен 1991-жылдан бери граффити менен алектенем. Эстетикалык кооздуктан мурун бул сүрөттөрдүн мааниси дагы бар. Кээде заказдар да болот, аткарабыз. Эң башкысы, кылган ишим мага жагат», — деген бул мырзанын талантына таң бердик.
Жалпылап айтканда, адам кандай көз карашты карманбасын, жашоодон ырахат алып, коркпостон каалаганын кылган бул адамдарга суктанбай койбойсуң. Ал эми кылган иштерине, жүрүм-турумуна кандай ойдо болуу ар кимдин жеке каалоосуна жараша.