Өнүгүүсү жагынан башка аймактарды артта калтырган дүйнөдө бир нече региондор бар. Алардын катарында дүйнөдө экономикалык гана эмес, саясий, маданий жактан үстөмдүгүн көргөзүп, ири державалар менен тең тайлашкан Европа биримдиги, АСЕАН, Араб Лигасы өңдүү биримдиктер бар. Аталган уюмдар бирдиктүү соода-экономикалык, аскердик, саясий, социалдык жана маданий жаатында кызматташып, чек аралары ар дайым бири-бирине ачык. Ал эми Борбор Азияда андай биримдиктин жоктугунан дүйнөдө региондук жактан эң артта калган аймак катары кала берүүдө.
Бизде да биримдик болгон
1990-жылдардын башында саясий өз алдынчалыкты алган көз карандысыз постсоветтик Борбор Азия мамлекеттери ынтымакты, биримдикти издөө, пикир келишпестикти артта калтыруу үчүн алгачкы кадамдарды жасаган. Региондо өз ара пикирге жетишүү максатында 1993-жылы 4-январда Ташкентте Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу болгон. Бул жыйында региондогу саясий жана экономикалык абалдарды толук талкуулашкан.
1994-жылы Кыргызстанда (Чолпон-Ата) Борбордук Азия мамлекеттеринин үч президенти Аскар Акаевдин, Нурсултан Назарбаевдин жана Ислам Каримовдун жолугушуусу өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө үч өлкөнүн ортосунда бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Бул интеграциялык бирикме биринчи башталганда «Борбордук Азиялык» (ЦАС) аталышын алган. Ошентип, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү идеясы саясий реалдуулук болуп калган.
1994-жылы 8-июлда Алматы шаарында өткөн Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусу болуп, маанилүү документтерге кол коюлган. 1995-жылы Алматыда, Дашховузда, Бишкекте, Нукуста жана Жамбылда, 1996-жылдын январында Көкчетауда президенттердин жолугушуулары өткөн. Бул жолугушуулар үч тараптуу бир катар макулдашууга, аларды өнүктүрүүнүн бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгууга алып келген.
1998-жылы 26-июнда Бишкекте Борбордук Азиялык биримдиктин өкмөт башчыларынын отуруму өткөрүлүп, анда Тажикстандын жетекчилиги да катышкан. Ошону менен регионалдык топтун курамы «үчүлтиктен» «төртүлтүккө» чейин кеңейген жана Борбордук Азиялык Экономикалык Коомчулук (ЦАЭС) деп аталып, расмий түрдө күчүнө кирген.
2001-жылы декабрда Ташкентте өткөн жолугушууда Борбордук Азиялык Экономикалык Коомчулукту Борбордук Азиялык кызматташтык уюмуна (ОЦАС) кайра түзүүнү чечишкен. Ал эми 2002-жылы 28-февралда 4 өлкөнүн президенттери жогоруда аталган уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө келишимге кол коюшкан.
Ишмердүүлүктүн кеңейиши менен катар бул уюм региондор үчүн жалпы мааниге ээ болгон проблемаларды гана чечпестен, ар бир мүчө мамлекеттин да проблемаларын чечкен. Ошондой эле, жалпы региондогу экономикалык чөйрө, коопсуздук саясатына, терроризм коркунучтары менен күрөшүү, диний экстремизм жана баңги трафигине тиешелүү бир катар макулдашуулар кабыл алынган.
Борбор Азиялык биримдик эмне үчүн ыдырады?
1998-жылы Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюмуна (ВТО) кириши Борбордук Азиялык кызматташтык уюмундагы өнөктөштөр тарабынан терс кабыл алынган.
2004-жылы октябрда «Борбордук Азиялык кызматташтык уюмунун» саммитинде бул уюмга Орусия кирген. Бирикменин чегинде бажы биримдиги түзүлүп, ага Өзбекстан кирбей калган. Ошого карабастан уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташтык кеңири өнүгүүгө ээ боло алган жок. Мисалы, Казакстан өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында Борбордук Азия кызматташтык уюмунун ичиндеги тарифтик эмес сооданы жөнгө салууну бир тараптуу жүргүзгөн. Өзбекстандын газ жана соода тарифтерине, Кыргызстан менен Тажикстан суу-энергетикалык ресурстарын чектөөчү курал катары пайдаланган. Мындай жагдайлар чөлкөмдүн өз ара өнүгүүсүнө тоскоол болуп, ажырымдарды күчөткөн. Ошондой эле Борбор Азиялык өлкөлөрдүн Евразиялык интеграциялык уюмдарга кирүүсү да өз ара мамилелерди салкындаткан. Алардын катарында ШКУ (ШОС), ЖККУ (ОДКБ), ЕАЭБ ж.б.
Мындан тышкары чөлкөмдөгү саясий окуялар да Борбор Азиялык биримдиктин ынтымагын ыдыраткан. Анжиян, Ош окуялары, Кыргызстандагы бийлик алмашуулар, Өзбекстандын ЖККУ (ОДКБ) уюмунан чыгып кетиши, чек араны бир тараптуу жабуу, чектөөлөрдү киргизүү, чек ара тилкелерин тосмолонушу биримдиктин ишин токтотту.
Бүгүн Борбор Азия өлкөлөрү бир гана Орусия баш болгон КМШ, ЖККУнун самитинде жолугушат, Кытай жетектеген ШКУнун алкагында гана кездешет. Күндөн-күнгө ырбап бараткан чек ара жаңжалдар, суу-энергетикалык талаштар, күйүүчү май, газ маселелери, бажы чектөөлөрү, мамлекет башчыларынын салкын мамилелери чөлкөмдүн өнүгүүшүн артка тартып жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын ири ГЭС куруу долбоорлору түздүктө жайгашкан өлкөлөрдү, айрыкча Өзбекстандын кескин каршылыгын жаратты. Дал ушундай көрүнүштөр Борбор Азия өлкөлөрүн бириктире алган жок.
Мындай карма-каршылык Борбор Азия элдерин бири-бирине душман көрсөтүү менен карым-катнашты алыстатып барат. Бүгүн Борбор Азия мамлекет башчылары өз ара таарынычтарын токтотуп, жалпы элдин, мамлекеттин келечегин ойлоп, кайрадан бир пикирге келүүсү менен Европа Бирмдиги, АСЕАН өңдүү биримдике жетишүүбүз керек.