Режиссёр Элнура Осмоналиеванын «Сейде» кыска метраждуу тасмасы Канн фестивалындагы Short Film Corner программасына кошулду. Кинематографты өнүктүрүү фондунан белгилешкендей, фестивалдын бул бөлүгү дүйнө жүзү боюнча кино тартууга үндөйт.

«Бул жерде түрдүү эл аралык фестивалдардын уюштуруучулары тасмаларды тандашат. Андан тышкары, телеканалдар мыкты жаңы кинолорду сатып алууга аракет кылышат. Биз буга чейин кабарлагандай, бул программага Нуржамал Дамирдин «Фрунзе» жана Кымбат Адылбекованын «Таксист» тасмалары дагы кошулган», — деп фонддон айтып беришти.

Фестивалдын сайты
Фестивалдын сайты

«Сейде» картинасынын дүйнөлүк бет ачары 2015-жылдын сентябрында Венециялык кинофестивалдын «Горизонттор» программасында өткөн. 2016-жылдын январында тасма америкалык Сандэнс шаарында, ал эми февралда атактуу Клермон-Ферране (Франция) фестивалында коюлган.