“Панамалык архив” жайылып кеткенден кийин Исландиянын өкмөт башчысы Сигмюндюр Гюннлёйгссон кызматын таштады. Журналисттердин колуна түшкөн документтерде премьердин офшордук компаниясы жазылган. Аны Сигмюндюр декларацияга киргизген эмес эле деп жазат Meduza.
Iceland prime minister resigns over allegations he hid millions in investmentshttps://t.co/DdjhZmkYZL #PanamaPapers pic.twitter.com/2Eau8vv1Om
— BBC Breaking News (@BBCBreaking) 5 апреля 2016 г.
4-апрелде Рейкьявикте премьер-министрдин кетишин талап кылган массалык акция өткөн. Эл Исландиянын парламентинин алдындагы аянтка чогулган. Уюштуруучулардын айтымында, акцияга 23 миң киши катышты. Бул – Рейкьявик калкынын 10%ынан ашык.