“Панамалык архив” жайылып кеткенден кийин Исландиянын өкмөт башчысы Сигмюндюр Гюннлёйгссон кызматын таштады. Журналисттердин колуна түшкөн документтерде премьердин офшордук компаниясы жазылган. Аны Сигмюндюр декларацияга киргизген эмес эле деп жазат Meduza.

4-апрелде Рейкьявикте премьер-министрдин кетишин талап кылган массалык акция өткөн. Эл Исландиянын парламентинин алдындагы аянтка чогулган. Уюштуруучулардын айтымында, акцияга 23 миң киши катышты. Бул – Рейкьявик калкынын 10%ынан ашык.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү