«Пари-Сен Жермен» «Барселонанын» чабуулчусу Неймарды алууну жайкы трансфердеги башкы максаты кылып алды.

РБК кабарлагандай, «Барселона» футболчу менен 2018-жылга чейин түзүлгөн контрактты андан ары дагы узартууну көздөп жатат. Бирок «ПСЖ» Неймар үчүн Барселонага 193 млн евро берүүгө даяр экенин билдирди.

Бул сумма бир нече жылда төлөнүп берилет. Андыктан, клуб каржылык жактан кыйынчылыкка туш болбойт.

Мындан тышкары, париждиктер Неймарга жылына 20 млн евро маяна төлөп турмакчы. Бул жайында «ПСЖдан» кетип жаткан швециялык чабуулчу Златан Ибрагимовичтин айлыгынан 5 млн еврого көп.

2015/2016 сезонунда «Барселонада» Неймар 14,5 млн евро акы алат. Футболчунун агенти Вагнер Рибейронун айтымында, Неймарга Париж абдан жагат.