Жергиликтүү калк бул гүлдүн ачылуусун чоң майрам катары белгилеп, жыл сайын фестиваль өткөрөт.

Сүрөт: Зарылбек Мааткалыков
Сүрөт: Зарылбек Мааткалыков

«Быйыл фестиваль 20-апрелде өткөргөнгө пландалып жатат. Фестивалга өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелерден,туристтер, жергиликтүү жашоочулар катышат. Чоң деңгээлдеги концертти төкмө акындар ачып берет. Кыргыздын улуттук тамак аштары бышырылып,оюн-зоок менен коштолот. Өрүк боюнча көргөзмө өтөт», — деп билдирди жергиликтүү тургундар Saat.kgге.

Айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын орто ченинде ачылып, майдын ортосуна чейин гүлдөйт. Башка гүлдөрдөн айырмаланып, анын гүлдөө мезгили да 20-25 күндү өзүнө камтыйт. Бийиктиги 1-1,5 мге чейин жетип, тоонун тескей капталында өсөт.

Сүрөт: Зарылбек Мааткалыков
Сүрөт: Зарылбек Мааткалыков

Жеке ишкер Зарылбек Мааткылыков Караван айылында жашаган энелер, апалар үчүн өз эсебинен Айгүл гүлүнүн ачылышына Кара-Булак айылынын тоолоруна экскурсия уюуштуруп жатканын айтты.

Айгүл гүлүнүн илимий аталышы — «Эдуарда чаар гүлү». Бул ажайып кооз гүл бир гана таштуу жерлерде өсүп, тамыры да терең жайгашкан. Бир караганда гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларды байкоого болот. Жашоочулар сүйүшкөн эки жаштын көз жашы деп аташат.

Азыр Айгүл тоосу корукка алынып, ССРБдин кызыл китебине 1978-жылы киргизилген. Айгүл гүлү Баткен облусунун Кара-Булак кыштагында өсөт.

Бөлүшүү